Орусия жана Асад режиминин кол салуусунда алты киши каза болду

Кол салуу болгон аймактардан тынч жана өзгөчө Түркия чек арасына жакын жерлерге көчкөндөрдүн саны акыркы бир жылда бир миллондон ашты.

1316714
Орусия жана Асад режиминин кол салуусунда алты киши каза болду

Сирияда Орусия менен Башар Асад режимине караштуу аскердик  учактардын Идлиб араздашууну азайтуу аймагына карата абадан кол салууларында алты киши каза болуп, эң аз жыйырма киши жараланды.

Орусияга таандык аскердик учактар кечээ Идлиб шаар борбору менен түштүгүндө Кефер Сенже жана Хираки айылдарына абадан кол салды. Абадан кол салуудатөрт киши каза болду. Алардын бирөөсү туткун жана үчөөсү туткундун жакыны. Анын тышында жыйырма киши жараланды. Асад режиминин кечки сааттарындагы Сирман жана Кенейес айылдарындагы кол салууларында болсо эки жаран каза болду.

Башар Асад режимине таандык аскердик учактар да кечээ Идлибдин түштүгүндө Серакиб Марратиннуман райондорундагыбазар жерине жасалган кол салууларда он төрт жаран каза болуп, жыйырма жети киши жараланган.

Түркия менен Орусиянын ортосунда 2018 -жылы 17 -сентябрда кол коюлган меморандумдан бери Идлиб араздашуну азайтуу аймагында режим жана Орусиянын кол салууларында 1300дөн ашуун жаран каза болду. Кол салуу болгон аймактардан тынч жана өзгөчө Түркия чек арасына жакын жерлерге көчкөндөрдүн саны акыркы бир жылда бир миллондон ашты.



Тектеш кабарлар