ЙПГ/ПКК баш калкалоочу лагерин өрттөдү

Террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын Дейризор облусунда басып алган баш калкалоочу лагерин өрттөдү.

ЙПГ/ПКК баш калкалоочу лагерин өрттөдү

Террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын Дейризор облусунда басып алган баш калкалоочу лагерин өрттөдү.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда ЙПГ/ПКК Дейризор элетинде Жизре Елбухамит айылынын жакынында 200 үй  - бүлө жашап жаткан лагерди өрттөдү.

Уюмдун бир мүчөсүнүн өлүү табылышы менен өч алууну максат кылган ЙПГ/ПККнын жакын жердеги 300 чатырдык лагерди да өрттөө менен коркуткандыгы белгиленди.

Бул лагерде Дейризордо режимдин көзөмөлүндөгү аймактан качкандар жашап жаткан. Өрттөн кийин лагердин тургундары  жакын жердеги айылдарга качышты.

ЙПГ/ПКК андан мурда да басып алган лагерлерди жана жарандарга таандык дыйканчылык аянттарын өрттөгөн.



Тектеш кабарлар