Фукушимада радиоактивдүү заттардын тазаланышы

Фукушима Даиичи атомдук станцясында  ээриген радиоактивдүү заттардын тазаланышынын 2021 -  жылы башталат.

Фукушимада радиоактивдүү  заттардын тазаланышы

 Японияда өкмөт 2011 – жылы жер титирөө жана цунамиден кийин 3 реактору зыян тарткан Фукушима Даиичи атомдук станцясында  ээриген радиоактивдүү заттардын тазаланышынын 2021 -  жылы башталарын билдирди.

Япон агенттиги Киодонун кабарына караганда экономика жана индустрия министри Кажияма Хироши Токио башкаруусунун станцияда ээриген атомдук күйүүчү май таштандыларынын тазаланышы 2 номердеги реактордон 2021 -  жылы башталарын белгиледи.

Кажияма билдирген орточо жана узун мөөнөттүү планга караганда реакторлордун бассейинде калган 4 миң 741 күйүүчү май чубугунун тазаланышы 2031 – жылы аяктайт.

Министр Кажияма  Даиичи станциясынын тегерегинде адамдардын кайрадан жайгашуу жана курулуш иштерин баштагандыгын, ушуга карата чаралардын көрүлөрүн белгиледи. Бешинчи жолу карап чыккандан кийин билдирилген планга караганда атомдук станция имараты 30 – 40 жылда толугу менен жок кылынат.

Японияда 2011 – жылы 11 -  мартта болгон 9 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунами Фукушима Даиичи атомдук станциянын 3 реакторунда радиоактивдин  чыгышына себеп болгон. Аймакта жашаган он миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.



Тектеш кабарлар