Эфиопия космоско алгачкы спутнигин учурат

«ETRSS-1» аттуу спутниктин Кытайдан учурула турганы белгиленди.

Эфиопия космоско алгачкы спутнигин учурат

Чыгыш Африка өлкөсү Эфиопия, өз каржылык мүмкүнчүлүктөрү менен жүргүзгөн космостук программасынын алкагында биринчи жолу спутник учурат.

Космостук илим жана технология институтунун директору Соломон Белай, Эфиопия кабар агенттигине берген маалыматында, айыл чарба жана кен тармагында колдонула турган алгачкы спутниктин 17-декабрда учурула турганын билдирди.

Спутниктин негизинде орто эсеп менен 12 миллион долларлык чыгымдын жоюларын айткан Белай, «ETRSS-1» аттуу спутниктин Кытайдан учурула турганын белгиледи.

Белай, бул спутниктин баш калаа Аддис-Абебага курулган Энтото обсерваториясынан инженерлер тарабынан башкарыла турганын айтты.

Кирешесинин чоң бөлүгүн айыл чарба жана мал чарбачылык менен тапкан бул өлкө, акыркы жылдарда туш болгон климаттык өзгөрүүнүн терс таасирлерин азайтуу үчүн да спутникке муктаж.

Сахаранын астындагы Африкада Гана, Нигерия, Түштүк Африка жана Раунда сыяктуу аз сандагы өлкөнүн космосто спутниги бар.



Тектеш кабарлар