Зимбабведе калктын жарымы тамак - аш коопсуздук кризиси менен бетме - бет
БУУнун докладчысы Хилал Элвер Зимбабвеге жасаган 11 күндүк сапарынан кийин жазуу түрүндө маалымат берди.
1314899
Экономикалык кризис жана кургакчылык менен күрөшүп жаткан Зимбабведе калктын 60 пайызы тамак - аш коопсуздугу маселеси менен бетме - бет келип турат.
БУУнун докладчысы Хилал Элвер Зимбабвеге жасаган 11 күндүк сапарынан кийин берген жазуу түрүндөгү маалыматта 13 миллионго жакын калкы менен өлкөдө жашагандардын көпчүлүгүнүн адам колу менен жасалган тамак - аш коопсуздук маселеси менен бетме - бет экендигин билдирди. Элвер : «Элет жерлеринде 5, 5 миллиондон ашуун киши аз жамгыр жааган жана ыңгайсыз аба шарттарынан улам кадам кадам тамак – аш коопсуздугу маселеси менен бетме - бет келүүдө»,- деди.
Шаарларда 2, 2 миллион кишинин ошол эле коркунуч менен беттешкендигин айткан Элвер таза суунун да жетерлик эмес экендигине көңүлдөрдү бурду.
БУУнун өкүлү Элвер коррупция, жумушсуздук, инфляция жана экономикалык санкциялардан улам Зимбабведеги абалды «коркунучтуу» деп мүнөздөдү. Элвердин айтымында өлкөдөгү кризистен эң көп аял жана балдар таасирленип, балдардын көпчүлүгү жетерсиз тамактануудан улам алсыз болушууда.
Акыркы болуп БУУнун докладчысы Элвер Зимбабве өкмөтү партиялар жана эл аралык коомчулукту кризис күч албастан акырына чыгарууга чакырды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.