Ливанда болгон митингдер

Митингдерге ливандык өнөрпоз Марсел Халифе да катышты.

1311761
Ливанда болгон митингдер

Ливандагы экономикалык абалга каршы 17 -  октябрда башталган митингдер 39 – күнүндө, өзгөчө түштүктөгү шаарларында да улантылды.

Түштүктүгө Сайда шаарынын жээк жактарында кечээ «нан менен туз» деп аталган иш чара өткөрүлдү. Иш чарада башкаруу системасындагы сектанттык иштердин акырына чыгарылышы жана технократтык өкмөттүн курулушу талап кылынды.

Ливан байрактары менен жүргөн митингчилер президент Мишель Авнга технократтык өкмөттү кура турган кишини белгилөөгө чакырды.

Жаштар боштондук өкмөтүнүн курулушун каалаган ураандар менен жүрүштү.

Набатиййе шаарына караштуу Кефр Румман аймагында болгон жүрүштө да «Шайлоо жашынын төмөндөтүлүшүн каалайбыз», «Набатиййе үчүн өлсөк да Бейруттун жанында», «Эл бийликтин кулашын каалайт» жана «Төңкөрүш» ураандары менен жүрүштү.

Митингдерге ливандык өнөрпоз Марсел Халифе да катышты.



Тектеш кабарлар