Иран Сауд Арабияны күнөөлөдү
Рыза Эдьяни: «Өлкөнүн душмандарынын максаты Иранды Сирия жана Иракка айландыруу».
Ирандын полиция күчүнүн дин жана саясат бөлүмүнүн башчысы Али Рыза Эдьяни, өлкөсүндөгү күйүүчү майдын баасынын жогорулашына каршы нааразылык акцияга чыккандарды Сауд Арабиянын колдогонун айтты.
Эдьяни: «Камакка алынган кишилерди суракка алууда, айрымдарынын Сауд Арабия, ошондой эле «Элдердин мужахиддери» уюму жана Шах жактоочулары менен байланыштары бар экендиги аныкталды. Окуялардын башында турган 182 кишиге душмандар багыт берип жатышкан»,-деди.
Рыза Эдьяни өлкөнүн душмандарынын максаты Иранды Сирия жана Иракка айландыруу экенин кошумчалады.
АКШнын санкцияларынын да таасири менен экономикалык жактан оор күндөрдү өткөргөн Иран эли, 15-ноябрь жума күнү күйүүчү майдын баасы жогорулагандыгы жөнүндөгү билдирүүдөн кийин өлкөнүн бир катар шаарында нааразылык акцияларын баштаган болчу.
Эл аралык мунапыс уюму, окуялар убагында кеминде 115 кишинин көз жумгандыгын билдирген.
Тектеш кабарлар
Калкы эң көп өлкө Индия
Калкынын саны 1, 441 миллиардга жеткен Индиянын "эң көп киши жашаган өлкө" экендиги билдирилди.
Газада каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти
Израилдин Газа тилкесине 196 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.