Кытайда шахтада көчкү болду

Көчкү болгон шахтада 11 жумушчу камалып калды.

1309337
Кытайда шахтада көчкү болду

Кытайдын Шандонг аймагында көмүр шахтасында  болгон көчкүдө алгачкы кабарларга караганда 11 жумушчу шахтада камалып калды. Синьхуа маалымат  агенттигинин кабарына караганда жергиликтүү жетекчилер Жининг шаарынын Жиашианг аймагында бир көмүр шахтасында  жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:50 чамаларында көчкүнүн болгондугун белгиледи.

Лиангбаоси көмүр шахтасында болгон көчкүдө эң аз 11 кишинин шахтада камалып калгандыгын айткан жетекчилер изилдөө - куткаруу  иштеринин улантылып жаткандыгын билдирди.

 



Тектеш кабарлар