Японияда ар бир 10 фирманын биринде бийик такалуу бут кийим кийүү мажбурдуулугу бар

Япон профсоюздар конфедерациясы жүргүзгөн  иликтөөнүн негизинде сурамжылоого катышкан миң кишиден 12 пайызы кийим  - кече процедурасына ылайык эмес экендигин ойлойт.

1309095
Японияда ар бир 10 фирманын биринде  бийик такалуу бут кийим кийүү мажбурдуулугу бар

Японияда  жүргүзүлгөн бир иликтөөдө өлкөдөгү ар бир 10 фирмадан биринде аялдардын бийик такалуу бут кийим кийишинин мажбур экендиги билдирилди.

Япон профсоюздар конфедерациясы жүргүзгөн  иликтөөнүн негизинде сурамжылоого катышкан миң кишиден 12 пайызы кийим  - кече процедурасына ылайык эмес экендигин ойлойт.

Катышуучулардын 57 пайызы кийим  - кече жана ушуга окшогон түзөтүүлөргө дуушар болгондугун айтса, 8 пайызы аялдардын макияж кылуу мажбурдуулугунун да бар экендигин белгиледи.

Өлкөдөгү 10 фирмадан бирөөсүндө аялдардын бийик такалуу бут кийим кийишинин мажбур экендиги белгиленген иликтөөдө кийим  - кече эрежелеринин 87 пайызы менен эң көп мейманкана жана ресторандарда колдонулгандыгы, финансы жана камсыздоо секторунда болсо бул катнаштын 71 пайыз экендиги такталды.

Иликтөөдө Японияда башкаруучу позициясындагы аял катнашынын 13 пайыз экендиги баса белгиленди. Иликтөөдө өзгөчө эркек кызматкерлердин 11 пайызынын костьюм шым кийүү мажбурдуулугунун бар экендиги тууралуу маалымат берилди. Профсоюздардан бир жетекчи «Japan Times» гезитине берген интервьюда эркек жана аялдар үчүн өзүнчө эрежелерди чыгаруунун жыныстык бөлүүчүлүккө себеп болгондугун белгиледи.

Өлкөдө аялдар тууралуу кийим  - кече түзөтүүлөрүнүн жарандык уюмдар тарабынан бул жылдын февраль айынан баштап кампаниялар жүргүзүлүүдө. Ушунун негизинде 31 миңден ашуун киши эрежелердин жоюлушу үчүн башталган кол коюу кампаниясына катышты.

Кээ бир иш берүүчүлөрдүн аялдарга бийик такалуу бут кийим кийүүнү мажбур абалга  алып келишине каршы чыгып, Япония саламаттык сактоо жана эмгек министри Такуми Немото да аялдардын бийик такалуу бут кийим кийишинин ылайыктуу жана керектүү экендигин билдирген.

Японияда кээ бир фирмалардын аял кызматкерлеринен көз айнек такпашы керектигин талап кылгандыгы тууралуу кабарлар да өлкөдө талаш  - тартыш жараткан.



Тектеш кабарлар