Азиянын жүрөгү - Стамбул процессинин жыйыны Пакистанда өткөрүлөт

Пакистандын билим берүү министри жана премьер  - министрликтин эл аралык диний эркиндигинин атайын өкүлү Шафгат Махмуд Азиянын жүрөгү - Стамбул процесси  жыйындарынын сегизинчисинин Пакистанда өткөрүлөрүн айтты.

1308933
Азиянын жүрөгү - Стамбул процессинин жыйыны Пакистанда өткөрүлөт

 Пакистандын билим берүү министри жана премьер  - министрликтин эл аралык диний эркиндигинин атайын өкүлү Шафгат Махмуд  Азиянын жүрөгү - Стамбул процесси (HoA-IP) жыйындарынын сегизинчисинин Пакистанда өткөрүлөрүн жарыялады. Махмуд Нидерландиянын Гаага шаарында катышкан  Азиянын жүрөгү - Стамбул процесси 7 - жыйынында диний ишеничтерге каршы күч алган бөлүүчүлүк тема болгон сегизинчи жыйындын келерки жылы Пакситанда өткөрүлөрүн айтты.

Дүйнөдө исламофобия, жек көрүү, жоолукчан аялдарга кол салуу, белгилүү исламдык кишилер жана символдорго карата акаараттардын арткандыгын белгилеген Махмуд өзгөчө медиа жана шайлоолордо колдонулган популисттик тилдин жек көрүү менен кылмыштарды арттыргандыгын айтты. Махмуд  ой эркиндигинин да чеги бар экендигин баса белгилеп, эл аралык коомчулуктун бул укукту колдонуп жатып жоопкерчилик менен мамиле кылышы керетигине көңүлдөрдү бурду.

Азиянын жүрөгү Стамбул процесси жыйыны аймактык маселелердин орток жолдор менен чечилиши, Афганстанда ырааттуулуктун түзүлүшү, аймактык кызматташуу жана колдошуунун арттырылышы максатында 2011 -  жылы «Афганстан үчүн Стамбул конференциясы» деген ат менен курулган. Жыйындар масштабы кеңейтилүү менен ишеничинен улам бөлүүчүлүк, ишеничтерге каршылык көрсөтүү, террор жана жакырдык менен күрөш  тууралуу аймактык колдошуу жана диалог жыйындары абалына келди.

Түркия, Азербайжан, Орусия, Кытай, Пакистан, Индия, Иран, Афганстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтеринен турган 14 мүчөлүү Азиянын жүрөгү Стамбул процессине 17 мамлекет жана 12 эл аралык мекеме да колдоо берүүдө.



Тектеш кабарлар