Кытай Гонконг башкаруучулугун кыйноого салууда

«South China Morning Post» гезитинин маалыматына караганда Кытай Гонконгдогу Байланыш кеңсесинен берилген маалыматта, башкаруунун жана полициянын тартипти камсыздоо үчүн бардык керектүү чаралардын көрүлүшү чакырыгын салды.

1306600
Кытай Гонконг башкаруучулугун кыйноого салууда

Кытай, Гонконг автономиялуу аймактык башкаруусунан аймакта зомбулук кыймыларына айланган нааразылык акцияларын дагы катуу түрдө басып токтотуусун талап кылды.

«South China Morning Post» гезитинин маалыматына караганда Кытай Гонконгдогу Байланыш кеңсесинен берилген маалыматта, башкаруунун жана полициянын тартипти камсыздоо үчүн бардык керектүү чаралардын көрүлүшү чакырыгын салды.

Шаардын «террор жарына сүрүлгөнүн» баса белгилеген жарыяда, баш аламандыктын токтотулушу жана тартиптин камсыздалышы үчүн митингдердин дагы катуу түрдө басылып токтотулушу талап кылынды.

Жарыяда, Гонконгдун башкаруучуларынан «Баш аламандыкты токтотуш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап зомбулук кыймылын кылгандардын кармалышы жана жазага тартылышы» талап кылынды.

Гонконгдо жайдын башынан бери уланган нааразылык акцияларында акыркы апталарда митингчилер менен полициянын ортосундагы кагылышуулар жана зомбулук окуялары күчөдү.

Митингдер убагында бир университет окуучусу каза таап, расмий көрсөткүчтөргө караганда шаарда июнь айынан бери 3560 митингчи кармалган.

 



Тектеш кабарлар