Иракта ДЕАШтын 14 террористти жок кылынды

Иракта ДЕАШ террордук уюмдун элет жерлериндеги буктурмаларына абадан жана кургактыктан жасалган кол салууларында 14 террорист жок кылынды.

1305795
Иракта ДЕАШтын 14 террористти жок кылынды

Иракта ДЕАШ террордук уюмдун элет жерлериндеги буктурмаларына абадан жана кургактыктан жасалган кол салууларында 14 террорист жок кылынды.

Ирак коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда борбор шаар Багдаттын чыгышындагы Дияла аймагынын  элет жерлериндеги ДЕАШтын буктурмаларына кургактыктан жана абадан операция жүргүзүлдү.

Операциялардын аймактын Ханекин районуна караштуу Каратепе жана Желавала кыштактарынын арасында жүргүзүлдү, абадан кол салууларда 10, кургактытан болсо 4 террористтин жок кылынгандыгы белгиленди.

ДЕАШ террордук уюмдун 2014 -  жылы июнь айында Мусул жана башка Ирак жерлеринин үчтөн бир бөлүгүн колго алган. Ирак коопсуздук күчтөрү 2017 -  жылы декабрь айында бул жерлердин көпчүлүгүн кайра алган болчу.

ДЕАШтын аймактан чыгарылышы жана шаарлардын кайра алынгандыгына карабастан уюмдун өзгөчө Керкүк, Дияла, Мусул жана Энбар аймактарынын элет жерлериндеги кол салуулары улантылууда.



Тектеш кабарлар