Умманда катуу жамгыр жаашынан 6 азиялык жумушчу каза тапты

Араларында Умман да болгон Булуң өлкөлөрүндө бир канча убакыттан бери аймактагы начар аба шарттарынан улам жарандарга эскертүү берилип жаткан.

1304927
Умманда катуу жамгыр жаашынан 6 азиялык жумушчу каза тапты

Умманда катуу жааган жамгыр Ес -  Сииб шаарында 6 азиялык жумушчунун өлүмүнө жол ачты.

Жарандык коргонуу башкармалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ес  -  Сииб шаарында жердин 14 метр астында шаардын негизги суу түйүнү үчүн түтүк төшөгөн 6 жумушчунун катуу жамгыр жаашынан улам сууга чөгүп каза болгондугу белгиленди. Маалыматта жарандык коргоо топторунун азиялык жумушчулардын жансыз денесин тапкандыгы билдирилди.

Араларында Умман да болгон Булуң өлкөлөрүндө бир канча убакыттан бери аймактагы начар аба шарттарынан улам жарандарга эскертүү берилип жаткан.



Тектеш кабарлар