Израилдин премьер - министри Нетаньяху Иранга карата кысымды күчөтүүгө чакырды

Беньямин Нетаньяху Ирандын өзөктүк программасын жашыруун улантып жаткандыгын айтты.

Израилдин премьер  - министри Нетаньяху  Иранга карата кысымды күчөтүүгө чакырды

Израилдин премьер  -министри Беньямин Нетаньяху өзкөтүк программа тууралуу жалган айткандыгын  белгилеген Иранга кысымдын күчөтүлүшү үчүн эл аралык коомго чакыруу салды.

Нетаньяху жарыялаган видео кабарында  Ирандын өзөктүк программасын бутага алган  маалымат берди. Тегеран башкаруусунун өзөктүк программасы тууралуу жалган айткандыгын ортого салган Нетаньяху : «Иран өзөктүк программасын жашыруун түрдө улантууда. Өзгөчө өзөктүк куралдарды чыгаруу үчүн мыйзам тышы уран байытуу иштерин жүргүзүүдө»,- деди.

Ирандын Израиль жана Жакынкы Чыгыш менен бирге бүткүл дүйнө үчүн «коркунуч» экендигин жактаган Ихраилдин премьер  - министри : «Бардык элдерди АКШ жана Израилдин жанында орун алууга, Иранга карата кысымды күчөтүүгө чакырамын»,- деди.

Нетаньяхунун билдирүүсүнүн Ирандын Эл аралык атом энергиясы агенттигинин инспекторунун атомдук комплектерине кирүү уруксатын бербеши менен күч алган араздашуудан кийин келиши көңүлдөрдү бурууда.

Иранда өткөн күндөрдө Натанз комплексин текшерүү үчүн барган Эл аралык атом энергиясы агенттигинин байкоочуларынан бирөөсүндө шектүү бир заттын бар экендиги такталышы менен кирүүсүнө уруксат берилген эмес.

 



Тектеш кабарлар