Кабул башкаруусу АКШ - Талибан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууну каалайт

Дональд Трамп тынчтык сүйлөшүүлөрүн 5 -  сентябрда Афганстандыгы АКШ аскерлерине карата Талибандын бомбалуу кол салуусу менен жойгон болчу.

1300662
Кабул башкаруусу АКШ  -  Талибан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууну каалайт

Афганстан өкмөтү АКШ  - Талибан ортосунда кайрадан башталышы күтүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууну каалап жатат.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Гыран Хивад массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө АКШ -  Талибан ортосунда андан мурда болгон тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Афганстан өкмөтүнөн өкүл чакырылбагандыктан бул аракеттерден жыйынтыктын чыкпагандыгыны айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ менен Талибандын ортосунда 2018 -  жыл декабрь айынан бери келе жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн 5 -  сентябрда Афганстандыгы АКШ аскерлерине карата Талибандын бомбалуу кол салуусу менен жойгон болчу.  

Сүйлөшүүлөрдүн жоюлушунан кийин Талибан бул жолу да тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн чечүүчү жолду Орусиядан издеп жана Москвага делегация жиберген.  

Афганстандын президенти Эшреф Гани башкаруусундагы өкмөт үчүн чоң коркунуч элементи болгон Талибан уюмунун таасири азыр да бир топ аймакта улантылууда. Өкмөттүн өткөн жылдарда көптөгөн жолу Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн аракет кылышы жана ушунун негизинде Тынчтык Кеңешин курганына карабастан азырынча бир жыйынтык чыга элек.



Тектеш кабарлар