АКШнын терроризмдин спонсору деп аташына Түндүк Корея каршы чыкты

Түндүк Корея АКШнын Пхеньян башкаруусун терроризмдин спонсору деп аташынын тараптардын арасында өзөктүк дипломатия ыктымалдарын азайткандыгын билдирди.

1300546

Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта АКШнын 2018 – жылдын террор отчетунун дагы бир жолу АКШнын Пхеньян башкаруусуна каршы  душмандык саясатты улантып жаткандыгын далилдегендиги белгиленди. Маалыматта отчет үчүн : «Бир диалог өнөктөшүнө карата акаарат жана кыянаттык. Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы диалог каналы барган сайын тарайып баратат», - деп билдирилди.

АКШнын 2018 – жылдын террор отчетунда Иран, Судан, Сирия жана Түндүк Корея террор спонсору категориясында орун алган. Отчетто Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар менен аймакты жана коңшуларын коркутуусу менен бирге башка өлкө чек араларында кол салууларды жасагандыгы ортого салынган.

Тектеш кабарлар