Пакистанда 10 айда 703 бала каза болду

Пакистандын эң жакыр шаары Тарпаркарда 10 айда 703 бала жетишсиз тамактануу жана оорудан каза тапты.

1300063
Пакистанда 10 айда 703 бала каза болду

Пакистандын эң жакыр шаары Тарпаркарда 10 айда 703 бала жетишсиз тамактануу жана оорудан каза тапты.

Синдх аймагынын саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда  аймактын Тарпаркар шаарындагы мамлекетке караштуу саламаттык сактоо мекемелеринде бул жылдын январь  -  октябрь айларында 703 баланын көпчүлүгү тамактанууга карата жана түрдүү ооруларга байланыштуу каза болду.

Шаарда октябрь айында каза болгон бала саны болсо 84 деп билдирилди.

Тарпаркарда өткөн жылы 505 баланын каза болгондугу жарыяланып, бул сандын акыркы 4 жылдын эң жогорку саны болгондугу белгиленди. Өткөн жылы шаарда кургактык болду.

Индия чек арасындагы Тарпаркар өлкөнүн эң жакыр шаары катары билинет.

БУУнун Өнүгүү Программасы жана Пакистан көп тараптуу жакырдык индексине караганда шаарда жашаган 1, 6 миллион кишиден 87 пайызы  жакырдык чегинин астында жашап жатат.



Тектеш кабарлар