Аббас Палестинада шайлоо өткөрүүнү бекитти

Хамас кыймылынын башкаруучулары, Батыш Шериадан Газага кеткен Палестинанын борбордук шайлоо комитетинин башчысы Ханна Насрдын жетекчилигиндеги делегация менен болгон жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1299738
Аббас Палестинада шайлоо өткөрүүнү бекитти

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, парламенттик жана президенттик шайлоолордун өткөрүлүшүн бекитти.

Хамас кыймылынын башкаруучулары, Батыш Шериадан Газага кеткен Палестинанын борбордук шайлоо комитетинин башчысы Ханна Насрдын жетекчилигиндеги делегация менен болгон жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Хамас кыйымылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиййе, бул жердеги сөзүндө Палестина борбордук шайлоо комитетинин делегациясынын өздөрүнө Палестинанын мамлекет башчысы Аббастын парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүлүшүн бекиткенинин маалыматын алып келгенин айтты.

Кыймылдын Газа тилкеси жана Батыш Шериада өтө турган парламенттик шайлоолор менен катар Кудста да өткөрүлүшүнө байланыштуу болгонун баса белгилеген Ханиййе, Шайлоо комитети менен шайлоо даярдыктарынын бүткөрүлүшүнө чейин диалогдун улана турганын белгиледи.

Шайлоо комитетинин башчысы Ханна Насыр да шайлоолорго даярдык темасында кандайдыр бир маселе жок экенин белгиледи.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, 7-октябрда алгач парламенттик шайлоололрдун, бир канча айдан соң мамлекет башчылык шайлоолорунун өткөрүлүшүнө даярдык жасалышы үчүн тийиштүү органдарга буйрук берген.

Палестинанын Конституциясына ылайык ар 4 жылда бир парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек болсо дагы өлкөдө 2006-жылдан бери парламенттик шайлоо өткөн эмес.



Тектеш кабарлар