АКШлык демократ эл өкүлү Түркия тууралуу чечимин моюнга алды
Стив Коэн, 29-Октябрь күнү добушка салынган 1915-жылдагы окуялар тууралуу армян дооматтарын камтыган токтом долбоорунун кантип саясий себептер менен кабыл алынганын моюнга алды.
АКШнын Өкүлдөр палатасында Теннеси штатын өкүлдүк кылган жана Түркия-АКШ карым-катнаштар тобунда орун алган Стив Коэн, 29-Октябрь күнү добушка салынган 1915-жылдагы окуялар тууралуу армян дооматтарын камтыган токтом долбоорунун кантип саясий себептер менен кабыл алынганын моюнга алды.
Долбоорду добушка салууда «макул» добушун берген Коэн, бүгүнкү билдирүүсүндө мамилеси тууралуу «Армян дооматтарына ар дайым каршы чыктым, бирок бул аптада долбоорду жактаган добуш бердим. Анткени Түркия АКШны урматтабаган сыяктуу турган»,-деп айтты.
Түркиянын Сирияда жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясы чечимине таасир эткенин белгилеген Коэн: «Конгресстин модунун өзгөргөнүн айта аламын. Армян долбоору үчүн өткөн жылдан мурда эч качан 218 добуш санына жеткен эмес»,деген серебин салды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.