Филиппиндерде 6, 6 баллдык жер титирөө болду

Жер титирөөдөн киийн цунами эскертүүсү берилген жок.

1296515
Филиппиндерде 6, 6 баллдык жер титирөө болду

 Филиппиндердин түштүгүндө  6, 6 баллдык жер титирөө болду.

Филиппиндер вулкан жана жер титирөө илими институтунан берилген маалыматка ылайык өлкөнүн түштүгүндө Минданао аралындагы Давао шаарында бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:04тө 6, 6 баллдык термелүүнүн болгондугу билдирилди.

Шаардагы бир топ имаратты термелткен жер титирөөдөн кийин элдин коопсуздук үчүн көчөлөргө чыккандыгы билдирилди.

Жердин 50 километр тереңдгинде болгон жер титирөөнүн эпицентри Даваонун 100 километр түштүгүндөгү Кисанте аймагы болгондугу маалымдалды. Жер титирөөдөн кийин цунами эскертүүсү берилген жок.

Биринчи жер титирөө болгон Давао шаарында  2 жума мурда да 6, 4 баллдык жер термелүү болгон.



Тектеш кабарлар