АКШда 30 метрдик жыгачтан жасалган үй өрттөндү
19 жылда бүткөн жана 30 метр бийиктиги менен дүйнөнүн эң бийик жыгачтан курулган, 10 кабаттуу курулуш минуталардын ичинде күл болду.

АКШнын Теннесси аймагында курулушу 19 жылда бүткөн жана 30 метр бийиктиги менен дүйнөнүн эң бийик жыгачтан курулган, 10 кабаттуу курулуш минуталардын ичинде күл болду.
Өткөн күндө жергиликтүү башкарууда иштеген архитектор Гораций Берджесстин диний бир илхам алгандыгын белгилеп, 1990 - жылдардын башында Теннесси аймагында Кроссвилле районунда курулушу башталган жана жыгач бөлүкчөлөрү, жыгач таштандылары менен кайра иштетилген металлдар колдонулуу менен бүткөргөн жыгач үй өрттөндү. Камберленд округунун өрт өчүрүү топтору өрттүн чыгуу себебинин иликтенгендигин белгиледи.
Өрт өчүргүч катчысы Бобби Дероссетт өрт өчүргүч топтору алган кабардан кийин окуя болгон жерге барганда өрткө багынган жыгач үйдүн кулагандыгын билдирди.
Өрт өчүргүчтүн отчетунда өрттү текшерүүгө алган топтордун өрттүн дарактуу аянтка жайылышына тоскоол болгондугу да билдирилди. Кээ бир маалымат булактары болсо бир канча чоң дарактын үстүнө жайылган, тепкичтүү, балкондуу жыгач үйдүн 2012 - жылдан бери бош экендиги билдирилди.
"The Minister's Tree House" аттуу жыгачтан жасалган үй жетекчилер тарабынан кооптуу экендиги эскертилгенге чейин туристтер келип көрүп турган.
Тектеш кабарлар

Газа тилкесине гуманитардык жардам ташыган 100 жүк ташуучу унаа келди
Бул тууралуу Палестина Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.