Израиль палестиндиктердин үйүн кулатты
Үйдү кулатуу учурунда палестиндик жаштар менен Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты.

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарынын жакындарындагы Ел - Емари качкын лагеринде бир палестиндиктин үйүн кулатты.
Израиль аскерлери Ел - Емари качкын лагерин басып алып палестиндик Лүтфийе Эбу Хамидге таандык курулуп жаткан 3 кабатту имаратты кулатты. Үйдү кулатуу учурунда палестиндик жаштар менен Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты. Израиль аскерлери жаштарды таркатуу үчүн пластикалык ок менен көздөн жаш агызуучу газ бомбасын колдонду.
Израиль үй - бүлө мүчөлөрүнүн бирөөсүнүн бир Израиль аскеринин өлүмүнө себеп болду деген негиз менен Эбу Хамид үй - бүлөсүнүн үйүн 2018 - жыл 15 - декабрда да кулаткан.
Тектеш кабарлар

Кирбинин сөздөрү социалдык тармактарда реакцияга кабылды
Кирби Ак үйдөгү пресс-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берди.