Трамп Түркияга багытталган санкцияларды жоет

Дональд Трамп, борбор шаар Вашингтондо маалымат жыйын өткөрдү.

1293567
Трамп Түркияга багытталган санкцияларды жоет

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түркияга багытталган бардык санкциялардын жоюлушу үчүн буйрук бергенин билдирди.

Дональд Трамп, борбор шаар Вашингтондо маалымат жыйын өткөрдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен абдан жакшы карым-катнаштары болгонун айткан Трамп: «Ал өлкөсүн сүйгөн жана жакшы иштерди жасаган адам. Жакынкы убакта жолугушуубуз мүмкүн»,-деп айтты.

Трамп, казына министри Стивен Мнучинге Түркияга киргизилген бардык санкциялардын жоюлушу боюнча буйрук бергенин жарыялады.

Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында өлкө жана аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүүсү үчүн 9-октябрда «Тынчтык булагы» операциясын баштаган.

АКШ бийлиги Түркияга ушул боюнча бир катар санкция киргизүү чечимин чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар