Дональд Туск Brexit боюнча маалымат бөлүштү

Туск, бул талап үчүн жазуу түрүндө процесс жүргүзө турганын белгилеп кетти.

1293132
Дональд Туск Brexit боюнча маалымат бөлүштү

Англис өкмөтүнүн Brexit (өлкөнүн Европа Биримдигинен бөлүнүүсү) келишимин 3 күндүн ичинде Өкүлдөр палатасынан өткөрүүнү максаттаган сунушу четке кагылды.

Сунуш 308 кабыл 322 каршы добушу менен өтпөй калды.

Бул жыйынтыктан кийин премьер-министр Борис Жонсон, Brexit келишимин өлкөнүн ички укугуна өткөрө турган мыйзам долбоорунун Өкүлдөр палатасындагы илгерилөөсүн токтото турганын жарыялады.

Долбоор кечээ кечинде болгон алгачкы добушка салууда болсо эл өкүлдөрүнүн бекитүүсүн алган болчу.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Дональд Туск, Өкүлдөр палатасында сунуштун четке кагылышынан кийин Твиттерден бөлүшкөн маалыматында, «Англиянын премьер-министри Борис Жонсондун Brexit келишинин добушка салынуусун токтотуу чечиминен кийин келишимсиз Brexitке бөгөт болуш үчүн 27 мүчө өлкөнүн Англиянын узартуу талабын кабыл алуусун талап кылам»,-деп бөлүштү.

Туск, бул талап үчүн жазуу түрүндө процесс жүргүзө турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар