Бангладеш аракандык мусулмандарды аралга жайгаштырат
Кокс Базардагы өкмөт жетекчиси Кемал Хүсейин берген маалыматында аралга көчүрүүнү каалаган 100 үй – бүлөнү тизмеге алышкандарын билдирди.
1292569
Бангладеш өкмөтү 100 миң аракандык мусулманды Мьянма чек арасындагы лагерлерден Бенгал булуңундагы бир аралга көчүрүүнү пландап жатат.
Кокс Базардагы өкмөт жетекчиси Кемал Хүсейин берген маалыматында аралга көчүрүүнү каалаган 100 үй – бүлөнү тизмеге алышкандарын билдирди.
Жер котору иштерин ноябрь айынын акыры же декабрь айында баштоону каалашкандарын айткан Хүсейин өкмөттүн 100 миң аракандык мусулманды баскыч түрүндө аралга көчүрөрүн белгиледи.
Бангладеш премьер - министри Шейх Хасина аракандык мусулмандар көчө турган аралда үйлөр, мектептер, мечиттер жана суу ташкындары үчүн тосмолорду куруу үчүн инфраструктуранын курулушун буйрук кылды.