Россия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда кызматташууларга кол коюлду
Россия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда энергетика жана башка түрдүү тармактарда алты кызматташуу келишимине кол коюлду.
Россия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда энергетика жана башка түрдүү тармактарда алты кызматташуу келишимине кол коюлду.
Кремлден берилген маалыматка караганда Россиянын президенти В. Путиндин Бириккен Араб Эмирликтерине жасаган сапарынын негизинде эки өлкөнүн ортосунда алты кызматташуу келишимине кол коюлду.
Кол коюлган келишимдердин арасында энергия базарларында жана атомдук энергиянын тынчтыкчыл жолдо колдонулушунда кызматташууга карата меморандумга Россиянын энергия компаниясы Лукойл менен Абу Даби Улуттук Нефть компаниясынын ортосунда Гаша жаратылыш газ аянтына карата концессия келишими орун алды.
Эки өлкөнүн ортосунда өзгөчө жасалма акыл тармагы да болуп, түрдүү инвестиция тармактарында кызматташуу жана Россиянын энергия компаниясы Газпром менен Абу Даби Улуттук Нефть компаниясынын ортосунда стратегиялык кызматташуу келишимине да кол коюлду.
Путин расмий сапар менен барган Бириккен Араб Эмирлигинде Абу Даби мураскер принци жана Бириккен Араб Эмирликтеринин башкы штабынын орун басары Шейх Мухаммед бин Зайед Ал Нахян менен жолугушту. Жолугушууда Россия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы соода жана экономикалык карым - катнаштардын акыркы мезгилде күч алгандыгын баса белгилеген Путин : «Сирия, Ливия, Йемен жана Булуңдагы маселелер тууралуу шайкеш келген иштерибиз улантылууда»,- деди.