Германияда террордук уюмдун жактоочулары пресс - жыйынга кирип барды

Немис полициясы кйилигишүүнүн ордуна жөн гана карап турду.

1289284
Германияда террордук уюмдун жактоочулары пресс  - жыйынга кирип барды
pkk yandaslari almanya1.jpg

ЙПГ/ПКК террордук уюмдун жактоочулары «Тынчтык булагы» операциясына каршылык көрсөтүү максатында Германия өкмөт катчысынын жумалык пресс  - жыйнына кирип барды.

Федерал басма сөз борборунда болуп жаткан пресс  - жыйынды басып алып, колдорундагы плакаттарды ачкан террордук уюмдун жактоочулары  өз басма сөз билдирүүсүн да окуду.

Уруксатсыз ишке ашкан митинг үчүн чакырылган немис полициясынын террордук уюмдун жактоочуларына кийлигишүүнүн ордуна жөн гана карап турушу көңүлдөрдү бурду.

Митингден кийин полиция күбөлүктөрүн текшерүү үчүн митингге чыккандарды убактылуу камоого алды.



Тектеш кабарлар