Россияда оппозициячылдардын үйлөрү менен офистеринде тинтүү жүргүзүлдү

Алексей Навальный жалпы өлкөдөгү офистеринде жана колдоочуларынын үйлөрүндө полициянын тинтүү жүргүзгөндүгүн жарыялады.

1288312
Россияда оппозициячылдардын үйлөрү менен офистеринде тинтүү жүргүзүлдү

Россиялык оппозициячыл активист жана Коррупция менен күрөшүү фондунун куруучусу Алексей Навальный жалпы өлкөдөгү офистеринде жана колдоочуларынын үйлөрүндө полициянын тинтүү жүргүзгөндүгүн жарыялады. Навальный твиттерден берген маалыматында жалпы Россияда фонддун офистерин, кызматкерлеринин жана колдоочуларынын үйлөрүндө полициянын тинтүү жүргүзгөндүгүн билдирди.

Коррупция менен күрөшүү фондунун адвокаты Любовь Соболь да тинтүүнүн Россиянын 14 шаарында жүргүзүлгөндүгүн жана өткөн айда болгон жергиликтүү шайлоо тууралуу экендигин ортого салды.

41 шаарда фонддун кызматкерлеринин үйлөрү жана офистери болгон 200дөн ашуун адресте, өткөн айда коопсуздук күчтөрү тарабынан арам акча алды деген айыптоо менен тинтүү жүргүзгөн.

Россиянын адилет министрлиги да Коррупция менен күрөшүү фондун өлкө тышынан каржыланууда деген негиз менен «чет элдик агент» тизмесине киргизген.



Тектеш кабарлар