Багдатта Хашди Шабинин курал кампасы жардырылды
Иракта андан мурда да өлкөнүн түрдүү жерлеринде Хашди Шаби штаб жана курал кампалары кол салууга учураган.
Ирактын борбор шаары Багдатта шиит куралдуу күчү Хашди Шабиге таандык курал сактоочу кампаны жардырды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда борбор шаардын Медаин аймагындагы Хашди Шабинин курал сактоочу кампасына түнкү сааттарда куралдуу учкучсуз аба унаа аппараты СИХА менен кол салуу жасалды. Бутага алынган жердин куралдуу күчкө таандык эң чоң курал кампаларынын бири экендиги билдирилди.
Кол салуу тууралуу Ирак өкмөтүнөн азырынча маалымат бериле элек.
Иракта андан мурда да өлкөнүн түрдүү жерлеринде Хашди Шаби штаб жана курал кампалары кол салууга учураган.
Тектеш кабарлар
Францияда денге ысытмасынын учурлары көбөйүүдө
Жетекчилер Олимпиада учурунда вируска чалдыккандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экенине басым жасашты.
АКШдан ирандык компания жана кишилерге санкция
АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси (OFAC) билдирүү жасады.