НАСА ионосфераны иликтей турган спутнигин учурду

АКШнын авиация жана космостук агенттиги НАСА көк жүзүнүн космос менен бириккен динамикалуу жана жашыруун аймакты иликтөө үчүн орбитага спутник жиберди.

1286589
НАСА ионосфераны иликтей турган спутнигин учурду

АКШнын авиация жана космостук агенттиги НАСА көк жүзүнүн космос менен бириккен динамикалуу жана жашыруун аймакты иликтөө үчүн орбитага спутник жиберди.

НАСАдан берилген маалыматка караганда Флорида жээктеринде Stargazer L-1011 учагынан ташталгандан 5 секунддан кийин үстүндө Northrop Grumman фирмасы өндүргөн Пегасус XL рокетасы атылган спутникке «Ионосфералык байланыш изилдөөчүсү» деген ат берилгендиги белгиленди.

Спутниктин атмосферанын үстүңкү катмарларынын бири болгон жана космостук чеги менен дал келген ионосфераны иликтей тургандыгы, өлчөмдөрүнүн илимпоздордун космостун климаты менен жер шарынын климатынын ортосундагы байланышты дагы жакшы түшүнүүлөрүнө жардам берери белгиленди.

НАСАнын гелиофизика бөлүмүнүн башчысы Никола Фокс космостун чек арасы катары билинген ионосферада күндөн келип чыккан көптөгөн кубулуштун болгондугун, жер шарындагы бороон жана аба шарттарынын бул катмарлардагы энергияга салым кошкондугун айтты.

НАСА өткөн жылы атмосферанын үстүңкү аймагынын иликтениши максатында «Голд» аттуу бир спутникти орбитага жиберген.



Тектеш кабарлар