Орусия АКШга нота жөнөттү

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Орус эл өкүлү Инга Юмашеванын Нью-Йорк аэропортунда камакка алынганын жана FBIдын жооптуу кызматкерлери тарабынан суракка алынганы белгиленди.

1282947
Орусия АКШга нота жөнөттү

Орусия, АКШга барган Орусиянын эл өкүлүнүн Федералдык териштирүү кеңсеси (FBI) тарабынан териштирилишинин себебинен каршылыгын көрсөткөн нота жөнөттү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Орус эл өкүлү Инга Юмашеванын Нью-Йорк аэропортунда камакка алынганын жана FBIдын жооптуу кызматкерлери тарабынан суракка алынганы белгиленди.

Юмашеванын Орусиянын парламентинин астыңкы баскычы Думада АКШ Конгресси менен карым-катнаштарды координациялоо боюнча милдеттүү экени эске салынган билдирүүдө, «АКШ бийлигинин жосунсуз жоруктарынын себебинен нота тапшырдык. Сөзү болгон жорук Орусия-АКШ карым-катнаштарын дагы бузууну максаттаган, Орусия жана эл өкүлдөрүнө карай башкача душмандай кыймыл болуп саналат»,делди.

Анда сөз болгон жосундун себебинен Москва тараптын «катуу ыза болгону» белгиленип, «Вашингтондо чечим чыгаргандар Орусия менен карым-катнаштардын систематикалык түрдө начарлатылышынын кандай жыйынтыктала турганын ойлонушу керек. Мындай түрдөгү саясат оң көз караштуу эмес жана коркунучтуу болуп саналат»,-деп жазылды.

Бира таптан Орусия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин да бул окуяны «провокация» деп мүнөздөп «АКШнын кадамы, эл аралык жоопкерчиликтерди бузуунун башка бир түрү»,деген серебин салды.

Орусиянын Вашингтондогу ыйгарым укуктуу элчиси Анатолий Антонов да маалыматында «Форт Росс диалог форумуна» катышуу үчүн АКШга барган Юмашеванын Нью-Йорк аэропортунда кармалып FBI тарабынан суракка алынганын билдирди.



Тектеш кабарлар