Сауд Арабияда аялдар аскердик милдетин өтөй алышат
«Сауд Арабия 2030 көз карашынын» негизинде түрдүү жөндөмдүүлүктөргө ээ аялдардын аскердик милдетин аткаруу жолу ачылды.
Сауд Арабияда аялдар армияда кызмат кыла алат.
Сауд Арабиянын «Шаркул Аваст» гезитинин кабарына караганда коргоо министрлиги «Сауд Арабия 2030 көз карашынын» негизинде түрдүү жөндөмдүүлүктөргө ээ аялдардын аскердик милдетин аткаруу үчүн кайрылуу жолун ачты. Кабарда аялдардын Сауд Арабия кургак жер, аба жана деңиз күчтөрү, Стратегиялык Ракета Күчтөрү жана куралдуу күчтөрдүн саламаттык боюнча тейлөө тармактарында офицер, сержант катары кызмат кыла алары белгиленди.
Коргоо министрлигине караштуу Улуттук коргоо операциялары борборунун директору, бригаданын генералы Хасан еш - Шехри да аялдардын өлкөнүн негизги министрлигинде кызмат кылышын : «Туура багытта ташталган кадам»,- деп мүнөздөдү.
Шехри министрликтин ичинде айырмачылык жарата ала турган миңдеген аял кызмат кыла турган көп сандаган позициянын бар экендигин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.