Орусияда 60 миллион кредиттик карточкасынын маалыматтары уурдалды

Сбербанкка таандык жарактуу жана жараксыз жалпы 60 миллион кредиттик карточкага байланыштуу маалыматтар уурдалды.

1281197
Орусияда 60 миллион кредиттик карточкасынын маалыматтары уурдалды

Орусиянын эң чоң банкы Сбербанктын кардарларына таандык 60 миллион кредиттик карточкасына байланыштуу маалыматар уурдалып сатыкка чыгарылды. Орусия банктык тарыхындагы эң чоң уурулук тууралуу ички териштирүү баштатылды.

Орусиянын «Коммерсант»  гезитинде чыккан кабарга караганда өлкөнүн эң чоң банкы Сбербанкка таандык жарактуу жана жараксыз жалпы 60 миллион кредиттик карточкага байланыштуу маалыматтар уурдалды.

Уурдалган карточкалар тууралуу маалыматтардын Орусияда тыюу салынган бир интернет форумунда сатыкка чыгарылгандыгына байланыштуу берилген кабарда маалыматтарды сатыкка чыгарган кишилердин 200 кредиттик карточкасына байланыштуу маалыматты потенциалдуу кардарларга «сыноо» максатында сунуштагандыгы ортого салынды.

Сатыкка сунушталган карточкалардын арасында кишилер тууралуу жана кредиттик карточкага таандык маалыматтар да орун алган.

Азыркы учурда 18 миллион жарактуу кредиттик карточканын ээси Сбербанктан берилген маалыматта бул тууралуу ичкериде териштирүнүн башталгандыгы белгиленди.

Эксперттер уурдоонун Орусия банктык тарыхынын эң чоңу экендигин белгилеп, жыйынтыктарынын бардык банктык сектор үчүн чоң болору боюнча пикирде биригишүүдө.

Европанын да эң чоң банктарынын арасында орун алган Сбербанк КМШ, Ортоңку жана Чыгыш Европа менен бирге Түркия, Кытай жана Индияда да иш алып барууда.



Тектеш кабарлар