Ирактын дагы 3 шаарында көчөгө чыгууга тыюу салынды

Ирак башкаруучулугу өкмөткө каршы митингдер күчөгөн Багдаддан кийин Зикар (Насирийе), Мейсан (Амара) жана Бабил (Хиле) шаарларында да көчөгө чыгууга тыюу салууну ишке ашыра баштады.

1281301
Ирактын дагы 3 шаарында көчөгө чыгууга тыюу салынды

Иракта борбор калаа Багдаддан кийин митингдердин себебинен дагы 3 шаарда көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Ирак башкаруучулугу өкмөткө каршы митингдер күчөгөн Багдаддан кийин Зикар (Насирийе), Мейсан (Амара) жана Бабил (Хиле) шаарларында да көчөгө чыгууга тыюу салууну ишке ашыра баштады.

Митингдер уланып жаткан Басра, Диванийе, Кербела, Васит жана Керкүк сыяктуу айрым шаарларда болсо азырынча бул багытта чечим чыгарылганы жарыялана элек.

Борбор калаа Багдадда бүгүн эртең менен премьер-министр Абдил Абдулмехдинин буйругу менен мамлекеттин тартиби жана ички коопсуздугун коргош үчүн кеңири түрдө көчөгө чыгууга тыюу салуу жарыяланганы билдирилген.

Анадолу агенттигинин кабарчысына маалымат берген Багдад полиция директорлугунун кызматкери Ахмет Халеф, тыюу салуунун борбор шаардын жалыпысында саат 05:00дөн тарта ишке ашырыла баштаганын билдирген.

Халеф, айрыкча армияга таандык зооттолгон унаалардын борбор шаардагы өкмөттүн имараттары орун алган корголсо боло турган жашыл аймактын киришинде жайгаштырылганын, митингчилердин басып алуу аракеттерине карышлык көрсөтүш үчүн даяр абалга келттирилегендерин айтты.

Иракта 1-октябрдан тарта уланган өкмөткө каршы митингдерде 12 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар