Ирактагы митингдерде каза болгондор бар

Коопсуздук күчтөрү Тахрир, Тайаран, Халлани жана Эндүлүс аянттары баш болгон бир топ аянтта чогулган митингчилерди таркатыш үчүн чыныгы ок атып, көздөн жаш агызуучу газ чачты.

1280829
Ирактагы митингдерде каза болгондор бар

Ирактын борбор калаасы Багдадда эки күндөн бери уланган өкмөткө каршы митингдерде бирөө полиция 7 киши каза тапты, 112 киши жаракат алды.

Коопсуздук күчтөрү Тахрир, Тайаран, Халлани жана Эндүлүс аянттары баш болгон бир топ аянтта чогулган митингчилерди таркатыш үчүн чыныгы ок атып, көздөн жаш агызуучу газ чачты.

Ирактык аялдардын тынчтыкчыл мамилесинин корголушу максатында кыймылдарга катышуусу да коопсуздук күчтөрүн күч колдонуудан баш тарттыра алган жок.

Багдад менен катар Басра баш болгон өлкөнүн түштүк жагындагы шаарларында мурдагы күнү башталган коррупция жана жумушсуздукка каршы нааразылык акциялары Керкүккө да жетти.

Кечээки окуяларда 7 кишинин каза болушу менен 2 күндө каза болгондордун саны 12ге жетти.

Бул учурда Ирактын премьер-министри Адил Абдүлмехди, улуттук коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултту.

Коргонуу министрлиги болсо өкмөткө каршы митингдердин себебинен коомдук мекемелер жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргош үчүн бардык бөлүктөрүн даярдыкка өткөрдү.

Коргонуу министрлиинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Министр Нежах эш-Шемери, мамлекеттин эгемендигин, мамлекеттик мекемелерди, стратегиялык жерлерди, бардык элчилик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргош үчүн бардык бөлүктөрүн кыймылга өткөрдү»,делди.

Бир тараптан өкмөт Твиттер, Фейсбук, Инстаграм жана Вотсапп сыяктуу социалдык медиа тармактарына бөгөт койду.

Интернет үзгүлтүккө учуратылышынан Ирактын Күрт Аймактык башкаруусунан (ИКАБ) тышкары өлкөнүн дээрлик көп жери таасирленгени белгиленди.



Тектеш кабарлар