«Вашингтон пост» гезити Жамал Хашогги үчүн атайын барак бөлдү

«Вашингтон пост» гезити саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө бир жыл болгонунун себебинен атайын барак даярдады.

1280299
«Вашингтон пост» гезити Жамал Хашогги үчүн атайын барак бөлдү

Американын «Вашингтон пост» гезити саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө бир жыл болгонунун себебинен атайын барак даярдады.

Гезит, саудиялык журналист Хашоггинин өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдукта киши колдуу болушунун 1 жылдыгында Хашоггинин макалалары дагы орун алган «Глобалдык көз караш» барагынын темасын «Жамал Хашогги; жоголгон бир үн, өсүп бараткан хор» деп алмаштырды.

Гезиттин редактору Фред Хиат барактагы жазуусунда, «Бир жыл мурда, Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман, талашты бир сөөк араасы менен бүтүрө турганын ойлоду. Бин Салман, эр жүрөк жана белгилүү кесиптешибиз Жамал Хашоггинин өмүрүн кыюу жана анын оозун басуу жагынан ийгиликтүү болду. Бирок бул баракта көрө турганыңыз сыяктуу, талаш дагы деле уланууда жана Хашоггини жашаткан эркиндик, демократия, толеранттулук жана маданияттар аралык дагы көп түшүнүшүүнүн камсыздалышын изденүүсү, оңой менен жок кылынбайт»,деп жазды.

Аты аталган баракта президент Режеп Таййип Эрдогандын Хашогги кылмышы тууралуу жазган макала менен катар Хашоггинин сөйкө салган кызы Хатиже Женгиз, Глобалдык көз караш барагынын редактору Карен Аттия, нобель сыйлыктын ээси Тевеккүл Карман, Пулитцер сыйлыгынын ээси АКШлык журналист Давид Игнатий, саудиялык укук коргоочу Ияд аль-Багдади жана АКШнын Демократиялык партиясынын эл өкүлү Роб Менендес сыяктуу ысымдардын макалаларына орун берилди.

Айрыкча баракта америкалык карикатурист Том Толестин Хашогги кылмышы тууралуу тарткан карикатуралары да бир теманын астына топтолду.

Барактагы макалалар англис тили менен катар араб тилинде да жарыяланды.



Тектеш кабарлар