Индия аскеринин Пакистанда табылган сөөгү Индияга тапшырылды.

Индия аскери Аик Нуллах дарыясынан өтүп жатып катуу агымга учурап агып кеткен.

1280595
Индия аскеринин Пакистанда табылган сөөгү Индияга тапшырылды.

Индиянын текшерүүсү астындагы Жамму Кашмир  аймагында Аик Нуллах дарыясынан өтүп жатып катуу агымга кабылган Индия аскеринин Пакистанда табылган сөөгү Индияга тапшырылды.

Пакистан армиясынан берилген маалыматка караганда Индия чек ара коопсуздук күчүндө кызмат кылган Паритош Модалдын Аик Нуллах дарыясында катуу агымга кабылышы менен Индия аскерлери тарабынан издөө башталды.

Индия армиясынын талабы боюнча Пакистан тарабында да Пакистан армиясы тарабынан издөө жүргүзүлдү жана Мондалдын сөөгү Пакистандын Пенжап аймагынын чек арасынан табылды. Маалыматта Мондалдын сөөгүнүн аскердик процедурага карата бүгүн Пакистандын Пенжап аймагы менен Жамму Кашмирдин ортосундагы бир жерде Индияга тапшырылгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар