Жемал Кашыкчынын уулу Сауд Арабия сотуна ишенгендигин айтты
Саудиялык журналист Кашыкчы үйлөнүү тууралуу 2018 - жылы 2 - октябрда барган Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.
Өткөн жылы киши колдуу болгон саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын уулу Салах Кашыкчы атасынын доосунда Сауд Арабия сотуна ишенгендигин белгиледи.
Өткөн жылы Стамбулдагы Сауд Арабия консулдугунда киши колдуу болгон саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын уулу Салах Кашыкчы твиттерден берген маалыматында : «Атабызды жоготкондон бери бир жыл өттү. Мындан мурда да айтканымдай Сауд Арабия сотунун адилеттүү болушуна жана бул коркунучтуу кылмыштын аткаруучуларынын жазаландырыларына ишенебиз. Мен да атам сыяктуу мекенге жана анын башкаруучуларына баш ийем»,- деди.
Саудиялык журналист Кашыкчы үйлөнүү тууралуу 2018 - жылы 2 - октябрда барган Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.
БУУнун Адам кукутары боюнча жогорку комиссарлыгы тарабынан июнь айында билдирилген 101 беттик отчетто Сауд Арабия Жемал Кашыкчыны атайын өлтүрүү менен жооптуу деп табылган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.