Өлтүрүлгөн 7 пилдин ууландырылгандыгы болжолдолууда

Шри Ланкада 19 -  кылымда 14 миңге жакын пилдин болгондугу болжолдолууда.

1279115
Өлтүрүлгөн 7 пилдин ууландырылгандыгы болжолдолууда

Шри Ланкада жума жана ишемби күнү өлүү табылган 7 пилдин айылдыктар тарабынан уулангандыгы тууралуу шектенүү менен териштирүү башталды.

Хабарана токойлорду коргоо аянтында жума күнү 4, ишемби күнү 3 пилдин сөөгү табылды.

Жетекчилер сөөктөрдүн бирөөсүнүн  бооз  жана баары бир топко таандык экендигин билдиришти.

Табигый турмушту коргоо мекемеси жана коопсуздук күчтөрү аймакта башка өлгөн пилдердин бар же жок экендигин изилдөөдө. Өзгөчө жуманын акырында жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен пилдердин айылдыктар тарабынан ууландыруу менен өлтүрүлгөндүгүнөн шектенгендерин билдиришти. Бул тууралуу териштирүү баштатылды.

Бир тараптан өлкөнүн борборундагы Удаваттакеле токойлорду коргоо аянтында да атып өлтүрүлгөн бир пил табылды.

6 миңге жакын пил болгон өлкөдө жыл сайын 200гө жакын пил өлтүрүлүүдө. Шри Ланкада 19 -  кылымда 14 миңге жакын пилдин болгондугу болжолдолууда.



Тектеш кабарлар