Ооганстанда шайлоо күнү да кол салуулар токтогон жок

Ички иштер министри Месут Андераби, басма сөзгө берген маалыматында Талибандын шайлоолорго бөгөт коюу аракеттеринин ийгиликсиз болгонун айтты.

1278282
Ооганстанда шайлоо күнү да кол салуулар токтогон жок
afganistan guvenlik.jpg
afganistan secim.jpg

Ооганстанда кечээ президенттик шайлоо убагында өлкөнүн жалпысында катталган 68 кол салууда 4 коопсуздук кызматкери каза тапты.

Ички иштер министри Месут Андераби, басма сөзгө берген маалыматында Талибандын шайлоолорго бөгөт коюу аракеттеринин ийгиликсиз болгонун айтты.

Талибандын жалпы өлкөдөгү 68 кол салуусунан 4 коопсуздук кызматкери каза тапканын айткан Андераби, 3 коопсуздук кызматкери менен 72 кишинин жаракат алганын белгиледи.

Андераби, кол саулулардын Логар, Тахар, Кунар, Жүзган, Фаряб, Кундуз, Баглан, Пактия жана Пактика облустарында болгону сөз кылды.

Ооганстандын улуттук коопсуздук башчылыгынан берилген маалыматта болсо, шайлоо күнү өлкөнүн жалпысында Талибанга карай 13 операция жүргүзүлүп 34 Талибан террористи жок кылынганы, 14үнүн жаракат алганы маалымдалды.

Талибандын жарыясында болсо кол салууларда коопсуздук күчтөрүнөн каза болгон жана жаракат алгандардын саны 422 болгону айтылып чыкты.

Бир тараптан Ооганстандын Көз арандысыз шайлоо комиссиясы тарабынан берилген маалыматта, өлкөнүн жалпысында кечээ ишке ашкан президенттик шайлоонун расмий эмес жыйынтыктарынын 3 аптадан кийин жарыялана турганы белгиленди.

Талибандын 2001-жылда кулатылышынан кийин 4-ирет президенттик шайлоо өткөрүлгөн өлкөдө, Талибандын каршы чыгууларына каршы кезексиз коопсуздук чаралары көрүлгөн болчу.

Катталган 9600 шайлоочу болгон өлкөдө, 15 президенттикке талапкер ат салышты.



Тектеш кабарлар