Мураскор канзаада Бин Салман, Хашогги кылмышындагы жоопкерчилигин моюнга алды

Канзаада Бин Салмандын Американын PBS телеканалынын «Фортлайн» кабар программасынын продюсери, журналист Мартин Смитке 2018-жылдын декабрь айында берген маалыматтары чыкты.

1277035
Мураскор канзаада Бин Салман, Хашогги кылмышындагы жоопкерчилигин моюнга алды

Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман, журналист Жамал Хашоггинин Стамбулдагы Сауд Арабиянын Башкы консулдугунда өлтүрүлүшү тууралуу окуянын өз жоопкерчилиги астында болгонун, бардык жоопкерчиликтерди моюнга алганын белгилеп кетти.

Канзаада Бин Салмандын Американын PBS телеканалынын «Фортлайн» кабар программасынын продюсери, журналист Мартин Смитке 2018-жылдын декабрь айында Риядда электрдүү автомобиль жарышы убагында Хашогги кылмышы тууралуу берген маалыматтары, 1-октябрда чыга турган программанын таанытуу фрагментинде орун алды.

Таанытуу фрагментинде Бин Салмандын Хашогги кылмышы тууралуу суроолорго алгач ирет бир маектешүүдө жооп бергени белгиленип мураскор канзааданын журналист Смит менен диалогунан үзүндүлөр, Бин Салмандын видеосу үнсүз түрдө экранга чыгарылды.

Фрагментте Смит: «Андан Хашогги кылмышындагы ролун сураганымда мага, «Бул окуя менин жоопкерчилигим астында болду. Бардык жоопкерчиликти милдеттенемин, анткени менин жоопкерчилигим астында болду» деген жоопту берди»,-деп айтты.

Смит: «Сиздин маалыматыңыз болбостон кантип ушундай нерсе болушу мүмкүн?» деген суроого Бин Салмандын «Сауд Арабияда 20 миллион адам жашайт. 3 миллион мамлекеттик кызматкер бар»,деп жооп бергенин түшүндүргөн.

Смит, Бин Салмандын «Анда алар сиздин учактарыңыздан бирөөнү алышы мүмкүнбү?» деген суроого, «Иштеримди жүргүзгөн кызматкерлер, министрлер бар. Бул алардын жоопкерчилигинде. Алардын муну кылууга ыйгарым укугу бар»,-деп жооп берди.

Саудиялык журналист Хашогги, баш кошуу катталуусун ишке ашырыш үчүн 2018-жылдын 2-октябрында кирген Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөн.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы тарабынан июнь айында жарыяланган 101 барактык отчетто Сауд Арабия, Жамал Хашоггини атайлап жана пландалып өлтүрүткөнү менен жооптуу көрүлгөн.

Отчетто, арасында Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман да орун алган жогорку рангадагы жооптуу жетекчилердин териштирилиши үчүн ишенимдүү далилдер болгону белгиленген.

Отчетто айрыкча БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Хашоггинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу толуктоочу криминалдык териштирүүнү баштоого чакырган, Хашоггинин өлтүрүлүшү тууралуу санкциялардын мураскор канзаада жана анын чет өлкөдөгү жеке өзүнүн каптиталын дагы камтуусу керектигине басым жасаган.



Тектеш кабарлар