Пакистандагы жер титирөө адамдардын өмүрүн алды

Каза тапкандардын саны 30 кишиге жетти.

1276138
Пакистандагы жер титирөө адамдардын өмүрүн алды

Пакистандын түндүгүндө кечээ болгон 5,8 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 30 кишиге жетти.

Өкмөттүн кызматкерлери, жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны болсо 500 кишиге жакындаганын билдиришти.

Жер титирөөнүн себебинен үйлөр урап, жолдордо чоң жараңкалар пайда болду.

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борборунун маалыматына караганда эпицентри Жаңы Мирпурдун 1 км түштүк-чыгышында болгон 5,8 баллдык жер силкинүүнүн жердин 10 чакырым астында катталгандыгы белгиленген.

Жер титирөөнүн борбор шаар Исламабад, Лахор шаары жана Индиянын айрым аймактарында сезилгендиги билдирилген эле.



Тектеш кабарлар