АКШда электрондук тамекинин айынан "сырдуу өпкө оорусу" чыкты

Орулуулардын үчтөн эки бөлүгүн 18 -  34  жаштагы кишилердин түзгөндүгү, көпчүлүгүнүн эркектер экендиги маалымдалды.

1273382
АКШда электрондук тамекинин айынан "сырдуу өпкө оорусу" чыкты

АКШнын 38 провинциясы менен бир аймагында электрондук тамеки колдонуудан чыкканы болжолдолгон «сырдуу өпкө оорусу» менен ооруган оорулуу саны 530га жетти.

АКШ ооруларды текшерүү жана алдына алуу борборлору «сырдуу өпкө оорусунан» каза болгондордун санынын жетиге чыккандыгын билдирди.

Орулуулардын үчтөн эки бөлүгүн 18 -  34  жаштагы кишилердин түзгөндүгү, көпчүлүгүнүн эркектер экендиги маалымдалды.

АКШда электрондук тамеки колдонуудан чыккандыгы болжолдолгон  «жашыруун өпкө оорусунда» алгачкы оорулуулар апрель айында ортого чыккан. Белгилери кыйынчылык менен дем алуу, чарчоо, көкүрөктүн ооруусу жана кусуу болгон ооруга электрондук тамеки аппаратынын өзүбү же ичине салынган заттар себепчиби азырынча белгисиз.

 



Тектеш кабарлар