Малайзияда абанын булганышы билим берүүгө тоскоол болду

Токой өрттөрү себеп болгон түтүн булуттары жана абанын булганышы менен өлкөнүн 4 башка аймагында бардык мектептер эки күнгө жабылды.

1272497
Малайзияда абанын булганышы билим берүүгө тоскоол болду

Малайзиянын түштүгү менен Индонезиянын Суматра жана Калимантан аралдарынын түндүгүндө чыккан токой өрттөрү себеп болгон түтүн булуттары жана абанын булганышы менен өлкөнүн 4 башка аймагында бардык мектептер эки күнгө жабылды.

Билим берүү жана илим министрлигинен берилген маалыматта абанын булгануу индекси «өтө жаман» деңгээлге жеткен Куала Лумпур, администравтивдик борбор шаар Путраджая менен Селанагор менен Пенанг аймактарындагы жалпы 1658 мектепте бүгүндөн баштап эки күнгө билим берүүнүн токтотулгандыгы бидирилди.  

Кечээ да абанын булганышынын айынан жалпы өлкөдө 553 мектеп жабылды.

Бир тараптан Ипох шаарында асманды каптаган түтүн булуттары шаардагы Султан Азлан Шах аэропортунда алты каттамдын учуу багытын өзгөртүшүнө себеп болду. Аэропорттогу 1418 жүргүнчүнүн учушу токтотулду.



Тектеш кабарлар