ЙПГ/ПККнын Асад режиимне мунай зат камсыздоосу отчет менен белгиленди

Сириядагы Адам укуктары желеси (SNHR), ЙПГ/ПККнын Сирияда басып алган аймактарда чыгарган мунай зат жана жаратылыш газы тууралуу отчет жарыялады.

1272876
ЙПГ/ПККнын Асад режиимне мунай зат камсыздоосу отчет менен белгиленди

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК, чыгарган мунай зат жана жаратылыш газды Сирияда Башар Асад режими менен бөлүшүүсүн улантып, АКШ жана Европа Биримдигинин режимге киргизген санкцияларын бузууда.

Сириядагы Адам укуктары желеси (SNHR), ЙПГ/ПККнын Сирияда басып алган аймактарда чыгарган мунай зат жана жаратылыш газы тууралуу отчет жарыялады.

Отчетто, ЙПГ/ПККнын Асад режимине чийки мунай зат жана жаратылыш газ берүүсүн улантканын белгилеп, «Сириянын Демократиялык күчтөрү СДК, Асад режимине мунай зат камсыздап АКШ-ЕБ санкцияларын тешүүдө»,деп жазды.

ЙПГ/ПККнын чыгарган мунай зат жана жаратылыш газы режимге таандык фирмалар жана контрабандисттер аркылуу режимдин аймагына трансфер кылынганына көңүл бурулган отчетто, террордук уюмдун АКШ жана ЕБнин режимге каршы киргизген санкцияларды жокко чыгарып миллиондогон доллардык акчаны солоп жатканы белгиленди.

Отчетто, түшкөн акчанын кимдер тарабынан кайсы жерлерге каржыланганы жөнүндө документтин жарыяланышы күтүлүүдө.

Ошондой эле отчетто контрабанданын алдын алуу үчүн АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн да процесске киргени, бирок жетишсиз болгону билдирилди.

Коалициялык күчтөр май айында мунай зат ташыган танкерлерди 2 ирет абадан бутага алган.

Сирияда СДК деген атты колдонгон АКШ колдогон террордук уюм ЙПГ/ПКК, Сирияда мунай зат булактарынын орто эсеп менен 70 пайызын басып алып кармап турат.

Террордук уюм АКШнын кыстоосу менен өткөн аптада өлкөнүн чыгыш жагындагы Дейризор облусунда Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарга ачылган соода жана контрабандалык өткөөлдөрүн мөөнөтсүз жапкандарын жарыялаган.

Режимдин көзөмөлүндөгү аянтта иш-аракетин жүргүзгөн фирмалар, февраль айында Дейризордун чыгыш жагында ЙПГ/ПККдан алган мунай затты дагы ылдам түрдө транфер кыла алуу үчүн Шухейлден Букриске чейин түтүк төшөп чыккан.



Тектеш кабарлар