БУУ Ооганстандагы UNAMAнын кызмат мөөнөтүн узартты

Ооганстанда 2002-жылдан бери иш-аракетин жүргүзгөн БУУнун Ооганстан жардам миссиясынын (UNAMA) кызмат мөөнөтү кечээ бүтмөк.

1272109
БУУ Ооганстандагы UNAMAнын кызмат мөөнөтүн узартты

БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ болгон мүчө өлкөлөр АКШ жана Кытай келише албай жаткан Ооганстандагы жардам миссиясы UNAMAнын кызмат мөөнөтүн Кытайдын «Бир алкак-бир жол демилесине» шилтеме кылынган бөлүм токтомдон чыгартылгандан кийин дагы бир жылга узартылды.

Ооганстанда 2002-жылдан бери иш-аракетин жүргүзгөн БУУнун Ооганстан жардам миссиясынын (UNAMA) кызмат мөөнөтү кечээ бүтмөк.

Жыйналышта мурдагы күнү макулдашууга жетише албаган БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр борбор шаардагы жетекчиликтери менен кеңешүүсүнөн кийин кечээ кайра чогулду жана АКШ менен Кытайдын ортосундагы келишпестик жоюлгандан кийин UNAMAнын кызмат мөөнөтүн дагы бир жылга узартты.

Токтомдо Кытайдын «Бир алкак-бир жол демилесине» шилтеме кылынган бөлүмгө орун берилген жок.

Кытай менен соода согушун жүргүзгөн жана «Бир алкак-бир жол демилесине» обочолонуп турган АКШ, бул ирет долбоордо аты аталган демилгеге орун берилишин каалаган жок.

Кытай болсо «Бир алкак-бир жол демилесине» шилтеме кылынган бөлүмдүн чыгартылган учурунда долбоорду вето кыла турганын билдирген.

БУУнун коопсуздук кеңешинин UNAMAнын кызмат мөөнөтүн жаңылаган 2016,2017 жана 2018-жылдардагы токтомдору, аймактык кызматташтыктардын күчтөндүрүлүшү үчүн «Бир алкак-бир жол демилеси» сыяктуу иш-аракеттерди кубаттап келген болчу.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир долбоордун кабыл алынышы үчүн убактылуу 15 мүчөдөн эң аз 9унун макул добушун бериши жана 5 туруктуу мүчө Орусия, Кытай, АКШ, Франция жана Англиянын эч бири вето укугун колдонбоосу керек.

 



Тектеш кабарлар