Сауд Арабия Арамко фирмасына кол салууну териштирүүгө эл аралык адистерди чакырат

Жарыяда бул тема тууралуу чындыктарды изилдөө жана териштирүүгө катышуусу үчүн Бириккен Уулттар Уюму жана эл аралык адистердин чакырыла турганы маалымдалды.

1270785
Сауд Арабия Арамко фирмасына кол салууну териштирүүгө эл аралык адистерди чакырат

Сауд Арабия улуттук мунай зат компаниясы Саудиялык Арамкого таандык ишканаларга багытталган кол салуулар тууралуу териштирүүгө катышуулары үчүн эл аралык адистерди чакыра турганын жарыялады.

Саудиянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында өлкөдө дүйнөлүк базарларга мунай зат камсыздаган ишканалардын саботаж кол салуусуна дуушар болгону, бул болсо Саудиялык Арамко фирмасынын өндүрүшүнүн орто эсеп менен 50 пайызынын токтоосуна алып келгени белгиленди.

Кол салууда Ирандын куралдары колдонулганы белгиленген жарыяда, кол салуулардын булагы тууралуу изилдөөнүн уланып жатканы билдирилди.

Жарыяда бул тема тууралуу чындыктарды изилдөө жана териштирүүгө катышуусу үчүн Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык адистердин чакырыла турганы маалымдалды.

Сауд Арабиянын улуттук мунай зат компаниясы Саудиялык Арамкого таандык 2 ишканада ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар менен кол салуу болуп, анын артынан өрт чыккан.

Каза болгон же жаракат алган эч ким болбогон кол салуу тууралуу кайсы бир тарап күнөөлөнбөсө дагы, Хусилер жазуу түрүндө маалымат берип кол салууну өздөрү уюштурганын айтып чыккан.

Сауд Арабия баштаган коалициялык күчтөр да Арамкого таандык ишканаларга карай кол салуулардын Йемендин территориясынын тышынан Ирандын куралдары менен ишке ашканын жарыялаган.

Йемендеги Иран колдогон Хусилер, акыркы убактарда көбүнчө Сауд Арабиянын абадан коргонуу системасы тарабынан жок кылынган орто жана алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракеталары менен катар учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар менен өлкөнүн айрым жерлерин бутага алып келет.



Тектеш кабарлар