БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Сауд Арабиядагы кол салууну айыптады

Ишемби күнү Сауд Арабиянын улуттук нефть фирмасы «Сауд Арамкого» таандык 2 заводго куралдуу учкучсуз унаа аппараты SİHA менен жасалган кол салууда өрттүн чыккандыгы билдирилген.

1270213
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш  Сауд Арабиядагы кол салууну айыптады

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Сауд Арабиядагы эки нефть комплексине жасалган кол салууну айыптады. Башкы катчынын өкүлчүлүгүнөн берилген маалыматта : «Башкы катчы ишемби күнү Сауд Арабиянын чыгыш аймагындагы «Арамко» нефть комплекстерине хусилер тарабынан жасалган кол салууну айыптайт»,- деп билдирилди.

Маалыматта өзгөчө башкы катчы Гутерреш бардык тараптарды эң жогорку деңгээлде чектөө колдонууга, арткан араздашуулардын күч алышына тоскоол болууга жана ар дайым Эл аралык Гуманитардык Мыйзамга баш ийүүгө чакыргандыгы белгиленди.

Ишемби күнү Сауд Арабиянын улуттук нефть фирмасы «Сауд Арамкого» таандык 2 заводго куралдуу учкучсуз унаа аппараты SİHA менен жасалган кол салууда өрттүн чыккандыгы билдирилген.

Каза болгон же жаралангандар болбогон SİHA кол салуусу тууралуу эч бир тарап айыпталбастан хусилер билдирген жазуу түрүндөгү маалыматта кол салууну өздөрүнүн жасашкандарын кыйыткан.



Тектеш кабарлар