ЮНИСЕФ БУУнун бакчасын мектеп сумкалары менен мүрзөгө айландырды

Дүйнө лидерлери БУУнун Башкы борборуна чогулмак.

1266634
ЮНИСЕФ БУУнун бакчасын мектеп сумкалары менен мүрзөгө айландырды

БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) БУУнун Башкы борборунун бакчасын, согуш жана кагылышуулардан жабыркаган балдардын өлүмүнө көңүл буруу максатында мектеп сумкалары менен мүрзөгө айландырды. Дүйнө лидерлери сентябрь айынын акыркы жумасында БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сүйлөшүүлөр үчүн чогулмак.

Ар бири өткөн жылы согуш жана кагылышуулардан көз жумган балдарды өкүлдүк кылган 3 миң 758 мектеп сумкасы менен түзүлгөн мүрзөнүн негизинде дүйнө лидерлерине балдарды коргоо чакырыгы салынды.

ЮНИСЕФтин директору Генриетта Форе, дайыма үмүттүн символу болгон мектеп сумкасынын бул ирет мүрзө болгонун жана ушундай түрдө согуш жана кагылышуулардан жабыркаган балдардын өлүмүнө көңүл бурууну каалагандарын айтты.

БУУнун көрсөткүчтөрүнө караганда, өткөн жылы согуш жана кагылышуулар болгон аймактарда 12 миңден ашуун бала көз жумду, жаракат алды жана майып болуп калды.



Тектеш кабарлар