Газада Израилге таандык учкучсуз унаа аппараты атып түшүрүлдү

Израиль армия катысы Авичай Адрей ИХАнын Газа тилкесине түшкөндүгү тууралуу маалыматты ырастады.

1266750
Газада Израилге таандык учкучсуз унаа аппараты атып түшүрүлдү

Израилге таандык учкучсуз аба унаа аппараты ИХА блокада астындагы Газа тилкесинин түштүгүндө Хамас тарабынан атып түшүрүлдү.

Палестинанын жергиликтүү басма сөзүнүн билдиргенине караганда Исламдык күрөш кыймылы Хамаска караштуу бир бөлүк, Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефах шаарынын чыгышында Израилге таандык бир ИХАны атып түшүрдү. Кабарларда атып түшүрүлгөн ИХАнын "quadcopter" моделинде болгондугу жана Хамас тарабынан колго түшүрүлгөндүгү белгиленди.

Израиль армия катысы Авичай Адрей да социалдык медиа эсебинен берген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилге таандык бир ИХАнын Газа тилкесине түшкөндүгү тууралуу маалыматты ырастады. Адрей түнкү сааттарда Газа тилкесинде атып түшүрүлгөн Израиль ИХАсы тууралуу иликтөөнүн жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Андан мурда да Skylark жана башка Израиль армиясына таандык бир топ ИХА Газа тилкесинде атып түшүрүлгөн.



Тектеш кабарлар